ИИМдин ички коопсуздук кызматынын жетекчиси кызматтан алынды

Ички иштер министрлигинин ички коопсуздук кызматынын (ИКК) жетекчиси Айтмамат Рахманов кызматтан алынды. Бул тууралуу "ВБ"га ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Рахмановго чейин ИККны Сайпидин Камалов жетектеп келген. 20-ноябрда Биринчи Май райондук соту Камаловду жумуштан кетирүү тууралуу буйрукту мыйзамсыз деп тапкан. Ушундан улам ИИМдин жетекчиси Рахмановду ИККнын жетекчиси кызматынан алуу тууралуу буйрукка кол койгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД