Эртең Бишкек шаардык сотунда Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасы каралат

Эртең Бишкек шаардык сотунда Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматанын убактылуу тергөө абагына камакка алынган "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү каралышы керек. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда, "ВБ"га анын адвокаты Токтогул Абдыев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө дейре Башкы прокуратура кылмыш иши боюнча материалдарды сотко бере элек. "Эртең, 26-декабрда, сот коллегиясы Жапаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү карашы керек. Ошондон кийин гана иш сотко берилип карала баштайт",- дейт Абдыев.

Эскертсек, кечээ Башкы прокуратура 24-декабрда атажуртчу депутат тууралуу ишти сотко бере турганын билдирдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД