Бүгүн райсот Ташиевге карата козголгон кылмыш иштин мыйзамдуулугун карайт

Бүгүн, 25-декабрда, сот ишине төрагалык кылган Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиевге козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугун карайт. Бул тууралуу депутаттын адвокаты Икрамидин Айткулов "ВБ"га билдирди.

Айткуловдун айтымында, кечээ сот анын арызын караган. Ал жерди ал жактоочусуна карата козголгон кылмыш иши мыйзамсыз экенин жазган.

Эскертсек, адвокат ушундай арыз менен Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, бирок Башкы прокуратура сотко Ташиевди камактан чыгаруу тууралуу билдирүү бергендиктен өз арызын кайтарып алган. Бирок, анын эртеси Башкы прокуратура өзүнүн өтүнүч арызын адвокат Айткуловдун ЖМКга Башкы прокуратура Ташиевди сот-психикалык экспертиза менен коом алдында шылдыңдап атат деген тариздеги билдирүүсүнөн улам кайтарып алган.

"Ошондон кийин мен кайтадан Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылдым", - дейт Айткулов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД