2012-жылы экономикалык төмөндөө 1,5%ды түзгөн

"Болжолдоого ылайык 2012-жылы экономикалык төмөндөө 1,5%ды түзгөн", - деп жыл жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Кумтөр алтын кенин кошпогондо экономикалык өсүш 4,5%ды түзгөн.

Ал экономиканын түшүшүн Кумтөр кениндеги маселеге байланыштырды. "Петров мөңгүсүнүн жылышы компанияны курамында аз алтын бар жерди тазалоого алып келди", - дейт ал.

Оторбаев көрсөткүчтөр жогору болушу керектигин кошумчалады. "КМШ мамлекеттеринде орточо экономикалык өсүш 4% болду. Орусияда – 3%",- деп коңшу мамлекеттердин экономикалык өсүшүн мисал келтирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД