“Супер-Инфо” гезитинин жамааты нааразычылык акциясына чыгат

"Супер-Инфонун" эмгек жамааты мурунку кызматкери Бахияна Сатылганованы сотко чейин үй камагына чыгаруу боюнча бүгүн, 25-декабрда саат 13:30 СИЗО-1дин (пер.Геологический,2) алдына нааразычылык акциясы менен чыгат. Бул тууралуу гезит редакциясынын тараткан билдирүүсүндө айтылат.

"Мурунку кесиптешибиздин үйүндө эки жашар уулу күтүп, ошондой эле учурда анын кош бойлуу экендигине тынчсызданып жатканыбызга байланыштуу ар бир бул окуяга кайдигер карабаган жаранды акцияга чакырабыз", - деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле, ЖМК өкүлдөрүн эки тарапты тең чагылдыруу максатында акция өтүүчү жайга чакыра тургандыктарын да билдиришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД