Кумтөрдүн ишин текшерген мамкомиссия иши тууралуу 500 даана китеп чыгарат

"Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ишмердигин текшерүүгө алган мамлекеттик комиссия өз иши тууралуу 500 даан китеп чыгарат. Бул тууралуу "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынтоочу отурумунда комиссия төрагасы, экономика министри Темир Сариев билдирди.

Анын айтымында, китепти "Учкун" басмаканасы басып чыгарат. Буга бюджеттен канча каражат кетерин министр так айткан жок.

Буга чейин Сариев китепте комиссиянын иши тууралуу жана кенде кетирилген мыйзам бузуулар тууралуу жазыларын билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД