“Супер-Инфо” гезити жумуштан четтетилген кабарчыларын кайта жумушка алды

"Супер-Инфо" гезитинин жетекчилиги кабарчылар - Бахияна Сатылганова менен Максат Орозумбетовду кызматтан бошотуу боюнча 2012-жылдын 31-октябрында чыгарган буйругун жокко чыгарды. Бул кадам кош бойлуу, 2 жашар баланын энесин камакка алган соттун гумандуу эмес чечимине каршылык, нааразычылык билдирүү максатында жасалды. Бул тууралуу гезит редакциясы тараткан билдирүүдө айтылат.

Гезиттин мындай чечимине телеалпаруучу Назира Айтбекованын ушул убакыт аралыгында ММКларга жана шоу-бизнес чөйрөсүнө тараткан маалыматтарынан улам анын максаты адилеттүүлүктү орнотуу эмес, өч алуу жана материалдык пайда алуу деген күмөн саноо да түрткү болду,- деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле Максат Орозумбетов жана Бахияна Сатылганова аталган окуя боюнча сот иши аягына чыкканча "Супер-Инфонун" кызматкерлеринин катарында болушат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД