Насыя жана ссуда боюнча кыргызстандыктар мамлекетке 31 млрд сом карыз

"Фермерлердин, ишкерлердин жана юридикалык тараптар менен физикалык тараптардын 2012-жылдын 1-январына карата болгон карызы 31 млрд сомду түздү", - деп парламенттеги Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин жыйынында Эсептөө палатасынын аудитору Жусуп Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, карыздар 1992-жылы айыл-чарба субъектерин, өндүрүштү жана энергетиканы өнүктүрүү үчүн берилген насыя жана бюджеттик ссудалардан улам пайда болгон. "Аталган сумманын 4,4 млрд сому мөөнөтү өтүп кеткен карыз. Финансы министрлиги карыз алгандарды сотко берди", -дейт Иманалиев.

Ал андан сырткары эгер карыздар маалында төлөнбөсө, 2013-жылдын 1-январына карата карыздын суммасы 34 млрд сомду түзөрүн белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД