Шамиль Атаханов: Милиционерлер милдеттүү түрдө сертификациядан өтөт

"Кыргызстандын милиционерлери милдеттүү түрдө сертификациядан өтөт", - деп бүгүн, 25-декабрда, журналисттер менен болгон жолугушууда Ички иштер министри Шамиль Атаханов билдирди.

Анын айтымында, укук коргоо органынын кызматкерлеринин билим алуусуна тийиштүү көңүл бурулбай атат.

"Эми кайта даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу курсун ИИМдин бардык кызматкерлери өтүшү керек. Уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү жана коррупциянын алдын алуу башкы башкармалыгына оперативдик тажрыйбасы жана стажы жок 50дөй кызматкер алынган. Андан сырткары ИИМдин кадрлар бөлүмүндө 250 киши турганына карабай жарандык коомдон да кишилер жумушка алынган. Бул укук коргоо органдарындагы кадрларга болгон адилетсиздик",- дейт Атаханов.

Ал ошондой эле баалоо системасынын кириши кадр саясатында адилеттүүлүккө алып келет, деп кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД