“Ала-Тоо Финанс” жоюлса алар берген насыялар кайтарылбай калышы ыктымал

"Ала-Тоо Финанс" агенттиги жоюлса мекеме тарабынан берилген насыялар кайтарылбай калышы ыктымал", - деп Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин бүгүнкү, 25-декабрдагы, жыйынында агенттиктин аткаруучу директору Ильяс Пакиров билдирди.

Анын айтымында, жаштар жана эмгек министрлигинин демилгеси менен түзүлгөн "Ала-Тоо Финанс" агенттиги өз ишмердиги маалында 525 млн сом насыя берген. "Эгер агенттик жабыла турган болсо, ал тарабынан берилген кредиттер кайтарылбай калуу коркунучу бар. Бул бардык микрокредит рыногуна таасир бериши мүмкүн", - дейт Пакиров.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД