“Кумтөр” үчүн салыкты бир жарым эсеге көбөйтүү каралууда

"Кумтөр Оперейтинг Компани" жоопкерчилиги чектелген коомдун ишин иликтөөгө алган мамлекеттик комиссия мекемеге болгон салыкты өзгөртүү керек деп эсептейт. Бул тууралуу мамлекеттик комиссиянын жыйынтыктоочу отурумунда экономика министри Темир Сариев билдирди.

Анын айтымында, компания белгиленген сумманы эмес, Салык кодекси боюнча салык төлөөсү керек. Учурдагы келишимге ылайык "Кумтөр" салык жана башка төлөмдөрдү кошкондо 8 млрд 153 млн сом төлөшү керек.

Эгер компания Салык кодекси боюнча салык төлөп баштаса, төлөмдөр 2013-жылы 4 млрд 895 млн сомго көбөйүп, анын жалпы суммасы 13 млрд 48,5 млн сомду түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД