2011-жылдын бюджетин аткарууда 2 млрд сомдон ашык мыйзам бузуу болгон

2011-жылдын бюджетин аткарууну текшерүүдө 2 млрд 180 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат комитетинин бүгүнкү 25-декабрдагы жыйынында Эсептөө палатасынын аудитору Ишенбек Медетов билдирди.

Анын айтымында, республикалык бюджеттен каражатты сарптоодо да 2 млрд 101 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталган. "Андан сырткары республикалык бюджеттен 1 млрд 874 млн сом максатсыз пайдаланганы аныкталды. Башка максатта 227 млн сом жумшалган, ал эми 78 млн сом ашыкча сарпталган. Ошентип 2011-жылдын бюджетинен болгон жоготуу 2 млрд 871 млн сомду түзгөн", - дейт Медетов.

Ал ошондой эле 2011-жылдын бюджетин аткарууда "көйгөй болгонун" белгиледи. "2011-жылдын бюджетине үч жолу түзөтүү киргизилген. Өлкөнүнүн негизги финанасылык документинен калып калуу да катталган. Ал 8,3%ды түзөт", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД