Атажуртчу депутаттарга карата козголгон кылмыш иши боюнча материалдар сотко өттү

Атажуртчу депутаттарга карата козголгон кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна берилди. Бул тууралуу МУККнын убактылуу тергөө абагына камакка алынган "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 25-декабрда, кечке жуук "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча материалдар борбор калаанын Биринчи Май райондук сотуна берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД