Айткуловду адвокаттык лицензиясынан ажыратуу маселеси 8-январда каралат

Юстиция министрлигинин комиссиясы адвокат Икрамидин Айткуловду Башкы прокуратуранын билдирүүсү боюнча анын адвокаттык лицензиясынан ажыратуу тууралуу маселени 2013-жылдын 8-январына жылдырган. Бул тууралуу адвокат өзү "ВБ"га билдирди.

"Юстиция министрлигинин өкүлүнүн айтымында, комиссиянын эки мүчөсү ооруп аткандыктан лицензиядан ажыратуу маселеси 2013-жылдын башына жылдырылды", - дейт Айткулов. Бирок, адвокат комиссиянын канча мүчөсү бар экенин так айткан жок.

Буга чейин Башкы прокуратура Икрамидин Айткуловду адвокатттык лицензиясынан ажыратууну Юстиция министрлигинен өтүнгөн болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД