Булак: “Газпром” Кыргызстанга 250 доллардан арзан газды алып келе албайт

Орусиянын "Газпром" компаниясы Кыргызстанга миң кубметри 250 доллардан арзан болгон газды алып келе албайт. Бул тууралуу өкмөт аппаратындагы жеке булак "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, "Газпром" 2013-жылы 7,5 млрд кубометр өзбек газынын миң кубометрин 253 доллардан сатып алуу боюнча келишимге кол койгон.

Кечээ, 25-декабрда, өкмөттүн жыйынында "Кыргызгаз" ААКынын директору Тургунбек Кулмурзаев ушундай эле баада өлкөнүн түштүгүнө 2013-жыл үчүн көгүлтүр отунду сатып алуу боюнча Кыргызстан да "Узтрансгаз" акционердик коому менен келишим түзгөн.

Анын айтымында, "Газпром" 2013-жылы миң кубометр газды 200 доллар баада алып келип баштайт".

Жогорку кызматтагы булак "Кыргызгаздын" директоруна "анча ишене бербөөнү" сунуштап, бул маалымат чындыкка коошпой турганын билдирди. Орусиялык "Газпром" компаниясы сатып алган баасынан төмөндөтүлгөн газды алып келе албай турганын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД