Жапаровдун иши боюнча комиссия парламент алдында отчет берүүдө

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 26-декабрдагы, пленардык жыйынында Садыр Жапаровдун иши боюнча комиссиянын төрагасы Нурбек Мурашев корутунду менен тааныштырды.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын Киев 74 дарегиндеги имаратты Жапаров сатып алган учурда мамлекеттики эмес, жеке менчик болгон. Эл өкүлү ошондой эле комиссия Жапаровдун күнөөсү бар экенин аныктаган фактыларды таппаганын билдирди.

Эскертсек, Башкы прокуратура Садыр Жапаровду имаратты сатууда алдамчылыкка тийиштиги бар деп айыптап, анын депутаттык кол тийбестигин алуу тууралуу маселени көтөргөндөн кийин парламенттик комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына ар бир фракциядан бирден депутат кирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД