Документтерди алмаштырганы үчүн Аида Салянованы жоопко тартуу сунушталды

"Бакиевдердин мүлкү тууралуу документти жасалмалагандыгы үчүн ага тийиштиги барларды жоопко тартуу керек", - деп Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 26-декабрдагы, пленардык жыйынында "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошова билдирди.

Анын айтымында, Аида Салянова Юстиция министри болуп турганда Бакиевдердин мүлкү тууралуу документтерди жасалмалоого мүмкүндүк берген.

"Биз бүгүнкү күнү мурдагы президенттин туугандарынын мүлкүнө ким ээлик кыларын билбейбиз. Убагында мамлекеттик мүлк комиссиясы менен Юстиция министрлиги документтерди жасалмалаган. Садыр Жапаров имаратты (Киев-74, vb.kg) сатып алганда, анын мыйзамсыз менчиктештирилгенин билген эмес. Анан калса, ал имарат "кара тизмеге" кирген эмес болчу", - дейт Жолдошова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД