Равшан Сабиров боюнча сот иши 23-январга жылдырылды

Мурдагы Социалдык өнүгүү министри Равшан Сабировдун сот иши боюнча Бишкек шаардык сотунун отуруму экс-министрдин жардамчысы Тахир Мирзаахмедовдун адвокаты ооруп калгандыктан 23-январга жылдырылды. Бул тууралуу Сабиров өзү "ВБ"га билдирди.

Белгилесек, 21-ноябрда райондук сот экс-министрди бардык айыптоолор боюнча актап, анын жардамчысын катуу көзөмөлдөгү колонияга 6 жылга эркинен ажыратып, бардык мүлкү конфискацияга алынган болчу. Башкы прокуратура райсоттун чечими менен макул болбой, шаардык сотко кайрылган. Сот отуруму бүгүн, 26-декабрда, болушу керек болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД