Аида Салянова "Бакиевдердин мүлкү тууралуу документи жасады" дегенди төгүндөдү

Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) кызматкери мамлекеттик мүлк комиссиясынын эскертүүсүнө карабай Киев, 74 дарегинде жайгашкан имаратты берүү боюнча документти каттоого алган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында Башкы прокурор Аида Салянова билдирди.

Анын айтымында, Бакиевдердин мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алды делип ачылган 18 кылмыш ишинин бирөө МКК кызматкерине ачылган.

"Жумашев МККда иштеп турганда мурда Бакиевдерге таандык болгон имаратты Малекеттик мүлк комиссиясынын эскертүүсүнө карабай башка адамга каттап берген. Мекеме имарат боюнча кандайдыр бир иш-аракеттерди жасоого тыюу салуу боюнча кат жөнөткөн", - деди башкы прокурор.

Салянова мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерине карата Кылмыш кодекси боюнча эки иш козголгонун баса белгиледи.

Ошондой эле башкы прокурор Бакиевдердин мүлкүн ээлеп алуу боюнча Юстиция министрлиги документтерди жасалмалады деген айыпты толугу менен четке какты.

"Юстиция министрлиги Бакиевдердин мүлкү тууралуу жасалмаланган документке жооп бербеши керек. Анткени мүлктүн үлүшүн берүү боюнча документтин аныктыгын текшерүү анын компетенциясына кирбейт", - дейт Салянова.

Ал эми "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошова Бакиевдердин мүлкү тууралуу документти жасалмалоо үчүн Аида Салянованы жоопко тартууну талап кылган. Анткени ал убактылуу өкмөттө юстиция министринин милдетин аткарган.

Эскертсек, сатуу тууралуу макулдашуу түзүлгөн учурда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов болгон. Учурда ал Юстиция министрлигин жетектейт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД