Башкы прокуратура “Кумтөр” боюнча териштирүүнү баштады

"Биз "Кумтөр" боюнча териштирүүнү баштадык", - деп Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 26-декабрдагы, жыйынында башкы прокурор Аида Салянова билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө "Республика" фракциясынын депутаты Максат Сабиров башкы көзөмөлдөөчү орган "Кумтөр" боюнча териштирүүнү жүргүзүүдөбү деп кызыкты.

"Кечээ мамлекеттик комиссия өз корутундусун чыгарды. Анда "Кумтөр" боюнча алдамчылыкка көптөгөн чиновниктер катышканы айтылууда. Силер аларды жоопкерчиликке тартасыңарбы?", - деп суроо салган депутат комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратуранын дагы деле корутундусу жок экенин белгиледи.

"Биз азыр териштирип атабыз. Эгер тергөө иштери чиновниктердин алдамчылыкка тиешеси бар экенин аныктаса, алар жоопкерчиликке тартылат", - деди Салянова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД