Салянова: Садыр Жапаровдун кол тийбестиги автоматтык түрдө алынышы мүмкүн

"Эгер парламент "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Садыр Жапаровду жоопко тартууга макулдук берсе, анда анын кол тийбестиги автоматтык түрдө алынат", - деп Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 26-декабрдагы, жыйынында башкы прокурор Аида Салянова билдирди. Бүгүн жыйында Жапаров боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу каралууда.

Анын айтымында, имарат тууралуу алдамчылык боюнча Жапаровду жоопко тартуу боюнча жетиштүү деңгээлде далилдерди тергөө чогулткан.

"Бирок, аны кээ бир беренелер боюнча жоопко тартууда депутаттардын макулдугунун кереги жок. Ал ансыз деле камакка алынды. Эгер депутаттар аны жоопко тартууга макулдук берсе, Жапаровдун кол тийбестиги автоматтык түрдө алынат", - деди Салянова.

Атажуртчу депутат Курмантай Абдиев каршы болду. Анын айтымында, азыр болгону жоопко тартуу маселеси каралууда. "Бүгүн анын кол тийбестигин алуу маселеси каралган жок", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД