2012-жылы Башкы прокуратуранын 290 кызматкери жоопкерчиликке тартылган

2012-жылы тартип жоопкерчилигине Башкы прокуратуранын 290 кызматкери тартылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Башкы прокурор Аида Салянова билдирди.

Жыйында "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Садыр Жапаровдун иши боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу каралууда.

"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева Башкы прокуратуранын ишин сынга алып, мекеменин кызматкерлеринин компетенттүүлүгү абдан төмөн экендигин айтты. Ал республикачы Пирматовдун ишин мисалга алды.

"Биринчи Сиз депутат Исхак Пирматовдун кол тийбестигин алуу тууралуу билдирүү жөнөттүңүз. Бирок айыптоо жеңил болгондуктан сиз парламенттин макулдугун ала алган жоксуз. Азыр Жапаровдун иши боюнча ошол эле окуя кайталанып атат. Башкы прокуратуранын айыптоосу ишендирээрлик эмес. Балким башкы прокурордун ойлонуусу керек?", - деп суроо салды эл өкүлү.

Өз кезегинде Салянова депутат Садыр Жапаровду жоопко тартуу үчүн жетиштүү далилдер бар экенин баса белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД