Киев, 74 дарегиндеги имаратты менчиктештирүүдө сотторду жоопко тартуу сунушталды

МУККнын убактылуу тергөө абагында Мамлекеттик мүлк комиссиясынын эки кызматкери Киев, 74 дарегинде жайгашкан имаратты мыйзамсыз менчиктештиргендиги үчүн отурат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү пленардык жыйынында башкы прокурор Аида Салянова билдирди.

Анын айтымында, имарат боюнча бир катар алдамчылык иштер жасалган. Максим Бакиевге чейин аталган имарат мамлекеттин карамагында болгонун Салянова белгиледи. Имаратты менчиктештирүүгө тийиштиги барлар учурда камакта.

"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Эсенгул Исаков менчиктештирүүнү мыйзамдыштырган Биринчи Май райондук сотунун судьяларын жоопко тартууну сунуштады.

Өз кезегинде Салянова ал үчүн Жогорку соттун чечими керектигин белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД