Бишкек шаардык кеңештин депутаттары эртең мандатын алышат

Эртең, 27-декабрда, Бишкек шаардык кеңешке жаңы шайланган депутаттар депутаттык күбөлүк жана төш белгилерин алат. Ошол таптан баштап алар жергиликтүү кеңештин расмий түрдө мүчөсү болушат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жаркын Бапанова билдирди.

Анын айтымында, эртең Бишкек шаардык кеңештин алгачкы расмий жыйыны өтөт.

Белгилесек, бүгүн шаардык кеңештин "алдын ала" биринчи жыйыны болуп, анда фракция лидерлери аныкталды. КСДП фракциясынын лидери болуп Аманбай Кайыпов шайланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД