Канат Садыков: Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн 25 млрд сом керек

Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун айтымында мектепке чейинки билим берүү мекемелерине балдарды тартуу 2003-жылы 6,2% болсо, 2011-2012-жылдары ал 14,5%га чейин көбөйгөн. Бирок бул тармактагы мындай алдыга жылуу дээрлик эч кандай таасир берген эмес.

"Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине балдарды тартууну 90-жылдардын башындагы деңгээлге жеткирүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 25 млрд сом бөлүү керек. Алардын 21,6 млрды бала бакчаларды курууга жумшалышы керек. Ошентсе да иш жүзүндө жакынкы жылдары бала бакчаларды курууга жумшала турган каражат 191 млн гана сом. Бул каражатка болгону 7 объектини гана курууга болот", - дейт министр.

Учурда мектепке чейинки билим берүү мекемелерине билим берүү тармагына мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттын 9,4%га жумшалат. Ошентсе да салыштырмалуу анализ көргөзгөндөй бул тармакка бөлүнгөн каражат акыркы жети жылда бир топ өскөн. Мисалы, 2005-жылы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 304,1 млн сом бөлүнсө, 2008-жылы ал 719,3 млн сом, азыр бул сумма 1,7 млрд сомду түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД