Депутат Искусство институтунда илимий даражадагы дискриминация тууралуу айтты

"Республика" фракциясынын депутаты Максат Сабиров Искусство институтунун ректору окутуучулар илимдин кандидаты гана болуш керек деген токтом чыгарганын бүгүн, 27-декабрда, билдирди.

Депутаттын айтымында, чара көрүү үчүн өкмөткө жана президент аппаратына кат жөнөтүү кажет. "Профессорлор көп жылдардан бери билим берүү тармагында иштешти. Азыр Искуство институтунун ректору алардын сабак берүү укугун чектеп атат", - дейт Сабиров.

Андан сырткары депутат маданият тармагында башка да көптөгөн көйгөйлөр бар экенин айтты. "Комитетке депутаттык комиссия түзүүнү тапшырып, маданият тармагы тууралуу чечим кабыл алуу керек", - дейт Сабиров.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД