Кыргызстанда бир жылда бөйрөк алмаштыруу боюнча 200-250 операция талап кылынат

Кыргызстанда бир жылда 1 млн кишиге 40-50 бөйрөк алмаштыруу операциясы туура келет же 200-250 операция жасалуусу керек. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев билдирди.

Анын айтымында, 600дөн ашык бейтап гемодиализге муктаж. "Гемодиализге болгон муктаждык дүйнөлүк саламакттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык 1 млн калкка 450-500 оорулуу туура келет. Ал эми 5 млн калкы бар Кыргызстанда 2 миңден ашуун оорулуу бар", - дейт министрдин орун басары.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД