Министрдин орун басары бөйрөк алмаштыруу операциясынын баасын айтты

Кыргызтанда бөйрөк алмаштыруу операциясы 417 472 сом турат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев билдирди.

Анын айтымында, бул баа Экономика министрлигинин Атаандаштыкты өнүктүрүү департаменти тарабынан бекитилген. Мындай операциянын наркы Түркия, Кытай, Пакистан, АКШ сыяктуу мамлекеттерде 15 миң доллардан 100 миң долларга чейин жетет.

Учурда Кыргызстанда дээрлик бардык текшерүүлөр жүргүзүлөт. Донор боло алчуларды да тандоо жүргүзүлөт. Бирок, акыркы маанилүү тандоо изилдөөсүн Алматынын улуттук хирургия борборунда жүргүзүү керек. "Акчасын төлөп анализ жүргүзүү боюнча макулдашуу бар", - деп белгиледи министрдин орун басары.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД