Депутат премьер-министрдин мэрге берген сөгүшүн мыйзамсыз деп атады

"Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкектин мэрине сөгүш берүүгө укугу жок", - деп Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 27-декабрдагы, жыйынында "Республика" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинетинин башчысы өкмөттүн жыйынында Бишкек мэри Иса Өмүркуловго сөгүш берген.

"Шаар мэрине сөгүш берүү премьер-министрдин укугуна кирбейт. Мындай ээн баштыкты токтотуу керек. Андай болбосо премьер-министрдин бардык акимдерди жумуштан алган окуясы кайталанат", - дейт Бокоев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД