Депутаттар вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин жумуштан кетүүсүн талап кылышууда

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин ээлеген кызмат ордун караштыруусу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү пленардык жыйынында "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу билдирди.

Депутат Жогорку Кеңештин токтомуна экономикалык тармакты караган вице-премьерди кызматтан алуу боюнча пункт кошулбай калганына нааразы болду.

Өз кезегинде "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Бөдөш Мамырова өкмөт "Кыргызгаздын" жетекчисин кызматтан алып, газ алып келүүдө жаралган көйгөйгө тийиштиги бар атка минерлерди жоопко тартыртуусу керек деп билдирди. Ал тийиштүү пункту парламенттин токтомуна кошууну талап кылды.

Бирок, "Республика" фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев Мамырованын сунушун кошуудан баш тартты. Коллегасынын баш тартуусу Мамырованын жинин келтирди. Ал Рыспаевди жана төрага Асылбек Жээнбековду "Кыргызгаздын" жетекчисин коргобоосун өтүндү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД