“Түндүкэлектр”: Жарык берүүдөгү чектөөнүн Бишкекке тиешеси жок

"Токтогул ГЭСиндеги авариядан улам энергия менен камсыз кылууда киргизилген чектөөнүн Бишкекке тиешеси жок", - деп "Түндүкэлектр" ААКынын басмасөз кытчысы Гуля Мураталиева "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, убактылуу чектөө Кыргызстандын түндүгүндөгү Чүй жана Талас облустарына гана киргизилген.

Чүй облусуна 70 мВт, ал эми Таласка 25 мВт чектөө киргизилди.

"Аймактардагы электр жарыгы эки сааттан көп өчүрүлбөйт. Мындай чектөө Токтогул ГЭСиндеги жагдай толугу менен жөнгө салынгыча киргизилет", - дейт Мураталиева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД