Кыргызстанда бир жылда өрттөн 11 бала каза болгон

2012-жылы 3 255 өрт кырсыгы катталып, 72 киши каза болсо, анын 11и жаш балдар. Бул тууралуу мамлекеттик өрт өчүрүү кызмат агенттигинин профилактикалык башкармалыгынын жетекчиси Мирбек Жээналиев бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Ал дагы деле болсо өрттүн келип чыгуусуна биринчи кезекте отко болгон шалаакылык мамиле экенин белгиледи. "Өрттүн чыгуусунан улам келтирилген чыгым 225 млн сомду түздү", - дейт ал.

Негизинен өрт эл жашаган турак-жайларда чыгат.

Жээналиев отко этият мамиле кылууну жана балдарга да отко кандай мамиле кылуу керектигин үйрөтүү зарыл деп белгиледи.

"Ошондой эле тазаланбаган мордон ис чыгып, андан ууланып өлгөндөр да бар. Бул көмүрдөн көз каранды эмес", - дейт башкалыктын жетекчиси.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД