Ахматбек Келдибеков орусиялык грантты бөлүштүрүү долбоорун тааныштырды

"Ата-Журт" фракциясынын депутаты, бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Ахматбек Келдибеков Жогорку Кеңештин бүгүнкү 27-декабрдагы жыйынында Кыргызстандын бюджетин колдоого бөлүнгөн орусиянын 25 млн доллар грантын бөлүштүрүү долбоорун тааныштырды.

Анын айтымында, комитет грантты үч бөлүккө бөлүүнү сунуштайт: Саламаттык сактоого $10 млн, социалдык коргоого $10 млн жана билим берүүгө 5 млн доллар.

Андан сырткары ал жетектеген комитет Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына 50 млн сом (капиталдык салымды эске албаганда), Гематология борборуна – 23 млн сом, ал эми балдардын Онкологиялык борборуна – 56 млн сом бөлүү керектигин эсептеп чыккан.

"Ош облусу боюнча кайсы ооруканага 100 млн сом бөлүү керектигин өкмөт өзү чечсин. Бишкек боюнча да шаардык ооруканага 100 млн бөлүү каралган. Аны да өкмөт өзү бөлүштүрсүн. Бул каражаттар оорукананы оңдоого жана аларды заманбап жабдыктар менен камсыздоого жумшалышы керек, - дейт ал.

Келдибеков Жалал-Абаттагы ооруканага да 40 млн сом бөлүү каралгандыгын кошумчалады.

Андан сырткары, комитеттин чечими боюнча Социалдык өнүгүү министрлигине 510 млн сом, чек ара аскерлигине 50 млн, ал эми ветеринарияга 20 млн сом бөлүнүшү зарыл.

Билим берүүгө каралган каражаттын 38 млн окуу китептерине, 113 млн сом жабдык алууга жумшалышы керек. Анан да КР президентинин алдындагы башкаруу академиясына 22 млн сом, спорт мектеп-интернатына 100 млн, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине 55 млн сом каралуусу кажет.

"Кийинки жылы азиялык спорт чемпионаты болот", - деди Келдибеков.

Ал эми убактылуу тергөө жайына 10 млн, Башкы прокуратурага 15 млн, Эсептөө палатасына 70 млн, Мелиорация жана суу чарба департаментине 40 млн, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 300 млн жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 38 млн сом бөлүү чечилгенен Келдибеков кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД