Ахматбек Келдибеков орусиянын грантын 2013-жылдын бюджетине кошууну сунуштады

"Ата-Журт" фракциясынын депутаты, финансы жана бюджет боюнча парламент комитетинин төрагасы Ахматбек Келдибеков 1 млрд 175 млн сом өлчөмүндөгү орусиянын грантын 2013-жылдын бюджетине кошууну сунуштады.

"Келгиле, бул грантты мыйзамдаштырып, киреше жана чыгымдар беренесин өзгөртүп, андан кийин аларды бөлүштүрүп баштайлы", - деп сунуштады Келдибеков.

Эскертсек, бүгүн атажуртчу депутат өлкө бюджетин колдоо үчүн бөлүнгөн орусиянын 25 млн долларын бөлүштүрүү долбоорун тааныштырган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД