Бүгүн саат 17.00дөн баштап өлкө боюнча массалык түрдө жарыкты өчүрүү башталат

Бүгүн саат 17.00дөн баштап, электр энергиясы менен камсыздоодо электр тогунун төмөндөшү менен өлкө боюнча массалык түрдө жарыкты өчүрүү башталат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында "Кыргызстандын Улуттук электр тармактары" ААКысынын башкы директору Алексей Бородин билдирди.

Анын айтымында, ар бир бөлүштүрүүчү компанияда жергиликтүү чыңалуу боюнча график бар. Ага ылайык, кардарлардын жарыгы кезеги менен өчүрүлөт. Бородин чыңалууну азайытуу графиги жыл сайын ар бир бөлүштүрүчү компания үчүн түзүлөрүн белгилеп, азыркы өчүрүүлөргө эч кандай тийиштиги жоктугун кошумчалады.

Ал Токтогул ГЭСиндеги гидроаграттын бирөө иштен чыккандыктан электр өндүрүү 200 мВтка азайганын жана бүгүн эртең менен электр жарыгын берүү кезеги менен облустарда өчүрүлгөнүн маалымдады.

Бүгүн кечинде кыргызстандыктарды кезектеги жарык өчүү күтөт. Кардарлардын электр жарыгын өчүрүү ар бир эки саатта болуп турмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД