Токтогул ГЭСине суучулдар жиберилди

Токтогул ГЭСиндеги төртүнчү агрегаттын иштен чыгуусун аныктоо максатында тийиштүү адистер менен суучулардар жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында "Электр станциялары" ААКынын башкы директору Салайдин Авазов билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 27-декабрда, №4 гидроагрегаттын капкагында басымдын көбөйгөнү аныкталган.

Аталган гидроагрегат эксплуатациядан алынып, иштебей калуу себебин аныктоо үчүн оңдоого чыгарылды.

Авария эмне себептен болгону азырынча белгисиз. Бул гидроагрегат текшерилгенден кийин гана анын себеби аныкталат. Аны калыбына келтирүү мөөнөтү адистер карап чыккандан кийин гана белгилүү болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД