Энергетиктер ГЭСтеги авария менен веердик өчүрүүнүн байланышы жок дейт

"Энергетиктердин веердик өчүрүүсү менен Токтогул ГЭСиндеги авариянын эч кандай байланышы жок",- деп Бишкекте өткөн маалымат жыйында "Кыргызстандын Улуттук электр тармактары" ААКынын башкы директору Алексей Бородин билдирди.

Анын айтымында, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жетиштүү. Электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылууга ГЭСте иштеп аткан бир гидроагрегаттын иштен чыгуусунан улам жогорку күч жетишпей атат.

Эскертсек, 25-декабрда Экономика министри электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүп, элди алдабоо керектигин билдирген эле.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД