Гимнди бир куплетке кыскартууну сунушташты

Мамлекеттик гимндин текстин жана желекти өзгөртүү боюнча комиссия гимндеги экинчи куплетти толугу менен алып салууну сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 27-декабрдагы, пленардык жыйынында "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Абдырахман Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын гимниндеги "бейкут" жана "өз тагдырың колуңда" деген саптар коом арасында түрдүү пикирлерди жаратып, гимндин текстин алмаштыруу сунушталган. Бирок анын ордуна туура келүүчү варианттар сунушталган эмес. Ошондуктан тексти толугу менен алып салуу сунушталууда.

"Президент Алмазбек Атамбаев бул сунушту колдоду. Андан сырткары гимндин автору Шабданбек Кулуев да буга макул болду", - дейт Маматалиев.

Депутат ошондой эле комиссия мамлекеттик желек боюнча да бир чечимге келе электигин кошумчалады. "40 вариант каралды, бирок комиссия алардын бирөөнө да токтолгон жок", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД