“Инфоком” жалпы жарандык паспортторду өздүктөштүрүүгө даяр экенин билдирди

"Кийинки жылга болгон башкы милдет - жалпы жарандык паспортту өздүктөштүрүүнү мамлекетке өткөрүп берүү", - деп Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Кирилл Исмаилов билдирди.

Ал учурда паспортторду өздүктөштүрүүнү "Интел Линкс" жеке компаниясы жасап атканын белгиледи. Бирок компания менен түзүлгөн келишим 2013-жылдын жаз айларында аягына чыгат.

"Келишим белгилүү бир мөөнөткө түзүлбөйт, ал көлөмгө гана түзүлөт, андыктан качан бүтөрүн так кесе айтуу мүмкүн эмес. "Интел Линкс" өзүнүн милдеттерин толугу менен аткарып болгондон кийин гана келишим аягына чыгат", - дейт Исмаилов.

Ал мамлекеттик ишкана жалпы жарандык паспорттү өздүктөштүрүүгө толук даяр экенин айтып, жетиштүү техникалык база, жабдыктар жана кызматкерлер бар экенин белгиледи. Паспортту өздүктөштүрүүдө көйгөй менен үзгүлтүккө учуроо болбойт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД