Кирилл Исмаилов: Биз чет элдиктердин виза алуусун жөнөкөйлөштүрөбүз

"Инфоком" мамлекеттик ишканасы "Электрондук виза" долбоорун иштеп чыгуучу топтун курамында. Бул тууралуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Кирилл Исмаилов билдирди.

Ал учурда жеңилдетилген принцип боюнча виза берүү маселеси иштелип атканын маалымдады.

"Биз чет элдик жарандардын виза алуусун жеңилдетели деп атабыз. Виза алгысы келгендер өздөрү тууралуу маалыматты интернет аркылуу жиберишет. Биз аны МУККга жиберебиз. Ал жактан аталган кишиге виза берүү керекпи же жокпу деген жооп келет", - дейт Исмаилов.

Ал чет элдик жаран ошентип Кыргызстандын аэропортуна келгенде визасын ала аларын белгиледи.

"Бул долбоорду ишке ашырууга биз техникалык жактан даярбыз. Маселе бизге аны жасоого уруксат береби же жокпу, мына ушунда турат", - дейт Исмаилов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД