Жогорку Кеңеш 2013-жылдын бюджетинин долбоорун бекитти

27-декабрда экинчи жана үчүнчү окууда Жогорку Кеңеш 2013-жылдын бюджетинин долбоорун бекитти.

Үчүнчү окууда "макул" деп 89 депутат добуш берсе, "каршы" деп 7 эл өкүлү добуш берди. Бардыгы болуп 96 депутат добуш берди. Ошентип добуш берүүнүн жыйынтыгы менен депутаттар 2013-жылдын бюджетинин долбоорун кабыл алышты.

Ал ортодо премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев атайын каражаттар үчүн бөлүнгөн 650 млн сом менен өкмөт толук макул эмес экенин билдирди. Анын айтымында адистер бюджет жана финансы комитетинин аталган сумманы бөлүү боюнча чечими менен макул болбоону айтышууда.

"Алар тобокелдик жогору экенин айтышууда. Бюджет жана финансы комитети эгер алар менен макул болбосок, парламент 2013-жылдын бюджетинин долбоорун кабыл албай коет деп өкмөттү коркутууда", - деди министрлер кабинетинин жетекчиси.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД