Республикачылар Бишкек шаардык кеңештин регламенти боюнча шашылбоону суранды

"Республика" партиясынын депутаты Мирлан Жээнчороев Бишкек шаардык кеңештин жаңы чакырылышынын алгачкы жыйынындагы күн тартибине каршы болду.

Күн тартибине ылайык, жыйында – төраганы жана анын орун басарларын шайлоо, регламентти жана курамды бекитүү, комиссияларды түзүп, анын курамын аныктоо каралмак.

"Күн тартибиндеги материалдар жок. Төраганы жана орун басарларды шайлоо регламент менен жөнгө салынышы керек. Аны биз кабыл ала элекпиз", - дейт Жээнчороев.

Анын партиялашы Эрнис Докенов "жаңы регламентти кабыл алууда шашылбоого" чакырды. "Залда отургандардын 99% регламентти окуган эмес деп ишенимдүү айта алам. Биз эмнеге регламентти кабыл алууда шашылуудабыз? Биз аны менен төрт жыл иштешибиз керек", - деди ал.

Ошондой эле биринчи жыйында регламентти кабыл албастан аны талкуулап жана төраганы шайлоо керектиги тууралуу пикирлер да айтылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД