7-апрель окуясы боюнча сот январга жылдырылды

2010-жылдын апрель окуясы боюнча сот иши эки адвокаттык ооруп калгандыгына байланыштуу 2013-жылдын январына жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда, сот отурумуна төрагалык кылган Бишкек горнизонунун аскер сотунун судьясы Дамир Оңолбеков билдирди.

Сот ишинин жылышынын дагы бир себеби, адвокат Галина Малахова ден-соолугуна байланыштуу сот ишинен бошотууну сурануусу болду.

Ошондой эле Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн адвокаты Роза Азарова да ооруп калган. Ал ооруганын далилдөөчү документти көргөздү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД