Көпчүлүк Марат Аманкуловду Бишкек шаардык кеңештин башчылыгына көргөздү

Бишкек шаардык кеңештин 26-чакырылышынын депутаттары өздөрүнүн алгачкы жыйынында төраганы шайлашууда. Коалициялык көпчүлүк төрагалыкка Марат Аманкуловдун талапкерлигин көргөзүүдө.

Ошондой эле Аманбай Кайыповдун да талапкерлиги көргөзүлдү.

"Республика" фракциясы Эрнис Докеновдун талапкерлигин көргөзүштү. Бирок регламентке ылайык, төрагалыкка талапкерди көпчүлүк коалиция гана көргөзө алат. Бул биримдикке КСДП, "Замандаш-Современник" жана "Ата Мекен" кирет.

"Мен өтө күчтүү оппозицияны көрүп атам, алар биздин мыкты болуубузга жардам берет. Бишкек – чоң жана өзүнүн көйгөйлөрү менен оор шаар. Анда 47 жаңы конуш бар, анда 30 миң киши жашайт. Инфраструктураны жакшыртуу керек. Шаардын башкы планы да көйгөйлүү. Ошондой эле жылуулук менен камсыз кылуу, газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселелери да бар. Бул бир гана өкмөттүн эмес, биздин да милдетибиз. Бишкек мурдагыдай коопсуз шаар болушу керек", - деди Аманкулов.

Ал депутаттардын мэрлик кызматка ат салышасызбы деген суроосуна, "жок" деп жооп берди. "Менин башкы планым – эс алуу. Шайлоолор болду, азыр да шайлоо болгон атат. Шайланган мэр бар. Менин андай амбициям жок", - деди ал.

Маалымат үчүн

Марат Аманкулов 1970-жылы 24-мартта туулган. Юридикалык жогорку билимге ээ. 2008-жылы Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. 2011-жылы шаардык кеңештин төрагасы болгон. 2012-жылдын январь айынан баштап Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы. Май айында премьер-министр Өмүрбек Бабановдун буйругу менен кызматынан алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД