Өрт өчүргүчтөр техниканын тартыштыгына арызданышты

"Өрт өчүрүүчүлөргө тилсиз жоонун алдын алуу үчүн машина жана техника жетишпейт", - деп бүгүн, 28-декабрда, Өрттүн алдын алуу башкармалыгынын жетекчи орун басары Нурлан Ташмамбетов билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча 350 гана машина бар жана ал жетишсиз. Акыркы жолу 2009-жылы техника жаңыланып, анда өрт өчүрүүчүлөр 72 даана машина алышкан. Бирок бул жалпы талап кылынгандын 30%ын гана түзөт.

Маалымат үчүн

2012-жылдын 11 айында республика боюнча 3 255 өрт кырсыгы катталган. 2011-жылы болсо 3 532 болчу. Өрт чыгуунун саны 7,8%га азайган. Тилсиз жоонун кесепетинен келтирилген материалдык чыгым 225 млн сомду түзүп, өрттөн 72 киши каза болгон (2011-жылы 78 киши болгон). Алардын 11 жаш балдар. 70 адам куткарылган. Ал эми 2011-жылы 376 киши куткарылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД