Ташкентте Кыргызстанга газ алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүүдө

Ташкентте 2013-жылы Кыргызстандын түштүгүнө газ алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда, булактар "ВБ"га билдирди.

Ага ылайык, "Кыргызгаз" ААКынын башкы директорунун орун басары Евгений Орленко "Узтрансгаз" менен сүйлөшүү үчүн Өзбекстанга учуп кетти.

Эскертсек, газ алып келүү боюнча макулдашуунун акыркы жыйынтыгы азырынча жок.

Белгилесек, буга чейин "Кыргызгаз" ААКысынын башкы директору Тургунбек Кулмурзаев Өзбекстан орусиянын "Газпром" компаниясына газдын миң кубометрин 253 доллардан сатуу боюнча келишим түзгөнүн билдирген. Кыргызстан да ушундай эле баада газ алууга ниеттенүүдө.

2012-жылы "Кыргызгаз" "Узтрансгаздан" жаратылыш газын өлкөнүн түштүгү үчүн миң кубометрди 290 доллардан сатып алган. Ал эми Кыргызстандын түндүгүнө "КазТранзГаз" миң кубометр газды 224 доллардан берет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД