№4 гидроагрегатты “Электр станциялары” ААКынын адистери өздөрү оңдошот

"Электр станциялары" ААКынын адистери Токтогул ГЭСиндеги №4 гидроагрегатты өз күчү менен оңдошот. Бул тууралуу компаниянын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

Анын айтымында, "Электр станциялары" ААКынын башкы директору Салайдин Авазов Токтогул ГЭСиндеги иштерди көзөмөлдөө үчүн бүгүн өзү барат.

"Бардык оңдоо иштери өз күчүбүз менен ишке ашат. Аны жасоого бизде баардык керектүү материалдар жана каражаттар бар. Келтирилген чыгым өтө чоң эмес, андыктан биз кыска убакыттын ичинде гидроагрегатты ишке киргизебиз. Оңдоо иштерин аяктоонун акыркы мөөнөтү азырынча белгисиз", - деди Айдаралиева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД