Тиленов: Азырынча Өзбекстандын үч жараны гана жарат алганы боюнча маалымат бар

МУККнын Чек ара кызматынын төрагасы Закир Тиленов учурда жарат алган Сох анклавынын үч жараны тууралуу гана маалымат бар экенин "ВБ"га билдирди. Мындай маалымат Өзбекстандын чек арачылары тарабынан билдирилген.

Тиленов кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжалдан Кыргызстандын чек арачылары жаракат алганын жана Өзбекстандын жарандары окко учканы тууралуу маалыматты тактаган жок.

Чек ара кызматынын жетекчисинин айтымында, эгер өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр ишке ашса, анда бүгүн Кыргызстандын өкүлдөрү жарат алгандарды көрүп келет.

Тиленов эки тарап бир нече жолугушууларды өткөргөнүн кошумчалады. Учурда абал көзөмөлдө жана кырдаал туруктуу. Ал эми "Достук", "Кадамжай", "Айдаркен" чек ара бекеттери окуянын кайталанып кетпеши үчүн жабылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД