Көчкү басып калган балдардын үй-бүлөлөрү 50 миң сомдон жардам алышат

Көчкүнүн алдында калган 1997-жылы туулган Жеңишбек кызы Тахмина жана Замирбек кызы Дилбардын үй-бүлөлөрү президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 50 миң сомдон жардам алышат. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдирди.

Буга чейин маалымдалгандай эки кыз 2012-жылдын 22-декабрында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Ылай-Талаа айылында көчкүнүн алдында калып каза болгон.

Жардам берүү тууралуу буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД