Атажуртчу депутаттардын сот иши 10-январга белгиленди

МУККнын тергөө абагына камакка алынган атажуртчу депутаттардын сот иши 10-январга белгиленди. Бул тууралуу "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиевдин кызыкчылыгын коргогон адвокат Икрамидин Айткулов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, Башкы прокуратура Жаңы жылга чейин кылмыш иши боюнча бардык материалдарды Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна берген. Ал жактан иш каралып, сот ишин кароо датасы да белгиленген.

Айткулов бул иш боюнча "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Талант Мамытов менен Садыр Жапаров да бар экенин кошумчалады.

Эске салсак, 3-октябрда "Ата-Журт" фракциясынын депутаттарынын тарапкерлери митингге чыгышкан. Анын демилгечиси депутат Садыр Жапаров болгон. Ал чечкиндүү кадамдарга барууга даяр экенин билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД